Жаңылыктар
Таласта кант кызылчасы жыйналууда
Айыл чарба
Таласта кант кызылчасы жыйналууда

 Таласта кант кызылчасынын түшүмү жыйналууда. Быйыл облус боюнча дыйкандар 500 гектардан ашуун аянтка кант кызылчасын эгишкен. Дыйкандар түшүмдү Манас районундагы Маймак станциясынын жанында жайгашкан кызылча кабыл алуучу пунктка алып келип өткөрүп жатышат. Бул кызылча кабыл алуучу жай акыркы төрт жылдан бери иштебей токтоп турган. Буга таласта кант кызылчасынын айдалбай калышы себеп болгон. Быйыл дыйканчылыктын бул түрү кайрадан колго алынгандыктан, кабыл алуучу пункт да ишин жандантты.

"Кээ бир биздин дыйкандарыбыз жаны сорттогу уруктарды алып келип тигишкен, Даниядан, Франциядан. Канттуулугун жогорулатуучу уруктарды алып келип тигишкен. Бугун мына биз ошол тиккен тушумдун натыйжасын бугун коруп жатабыз. Быйыл тушум жакшы гектарына 50, 60 тоннадан тушум алып жатышат" - деп билдирди Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеев. 

"Фасольго алтернативный культураны себели деп, дыйкандарыбыз кризистен чыксын деген максат менен кант кызылча заводу менен келишим туздук. Кызылча эки келишимдин негизинде жургузулот, биринчиси нак акчага 3450 сом тоннасына, экинчиси 76 кг кумшекер" - дейт «Маймак» кант кызылчасын кабыл алуу пунктунун жетекчиси Нурмухаммед Ашыркул уулу.