Жаңылыктар
Физиев – Гейджи беттеши болушу ыктымал
Спорт
Физиев – Гейджи беттеши болушу ыктымал

UFC уюму Рафаэль Физиев – Джастин Гейджи беттешин уюштурууну каалайт. Бул тууралуу «Атаман» өзү маалымдады.

«Алдын ала айтканым жок, бирок UFC март айында мени менен Гейджи ортосунда беттеш уюштурабыз деп убада берди. UFCнин менеджерлери жана Дана Уайт өзү дагы ушул беттешти көргүсү келет. Мартка даярдан дешти. Учурда командабыз менен келишим күтүп жатабыз», - дейт Физиев.

2023-жылдын март айына UFC эки чоң турнир уюштурууну пландап жатат. Биринчиси 4-мартта Лас-Вегаста болсо, экинчиси 18-мартта Лондон шаарында өтөт.

Физиев UFC уюмунда алты беттештен бери жеңилип көрө элек. Акыркы бешөөсүндө файтэр $50 миң бонус катары алган. Айта кетсек, 29 жаштагы мушкер өткөн жылы 9-июлда Абсолюттук уюмдун мурдагы чемпиону Рафаэль Дос Аньосту 5-раундда нокаут менен тизе бүктүргөн.

Ал эми Джастин Гейджи 2020-жылы жеңил салмакта Тони Фергюсонду жеңип, UFCнин убактылуу чемпиону аталган. Анткени менен ошол жылдын октябрында Хабиб Нурмагомедовго мөөнөтүнөн мурда утулган. Андан кийин 2021-жылы Майкл Чендлерди чечим менен утуп, чемпиондук кур үчүн кайра беттешүүгө мүмкүнчүлүк алган. Бирок былтыр май айында Чарльз Оливейрага сабмишен менен жеңилген.