Жаңылыктар
Мектептерде кышкы каникул узартылды
Кыргызстан жаңылыктары
Мектептерде кышкы каникул узартылды

Мектептерде кышкы каникул 16-январга чейин узартылды. Мындай чечим Министрлер Кабинетинин жыйынында кабыл алынды. Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги эпидемиологиялык абалдын туруксуздугуна жана күтүлүп жаткан катуу суукка байланыштуу Билим берүү министрлигине каникулду бир жумага узартууну же балдарды онлайн окутууга которууну сунуштаган.