Мамлекет жетекчисинин өлкөнүн тышкы карызын "жашыл" долбоорлорго алмаштыруу сунушу бардык жактар үчүн пайдалуу. Мындай пикирин экологдор айтып чыгышууда. Айтымдарында, климаттын өзгөрүшү жана андан келип чыккан кесепеттер - дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнө тиешелүү. Андыктан аны чогуу-чаран чечүүгө убакыт келди.