Жаңылыктар
Т.Сариев: "Салык маселесин жөнгө салуу керек"
Экономика
Т.Сариев: "Салык маселесин жөнгө салуу керек"

Бишкек шаарында кирешелер ойдогудай  чогулбай жатат. Бул тууралуу шаардын 2015-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча өткөн  коллегиялык жыйында Өкмөт башчы Темир Сариев билдирди. Маалыматка ылайык, былтыр шаардын жергиликтүү бюджети 92% гана аткарылып, 550млн сомдон ашуу каражат чогулбай калган. Темир Сариев быйыл Ордо калаада  эл аралык денгээлдеги КМШ мамлекет башчылары менен КМШ өкмөт башчыларынын саммити жана жыл соңунда Шанхай Кызматташттык уюмунун өкмөт башчыларынын саммити өтөөрүн, мындан сырктары эгемендүүлуктүн 25 жылдыгы белгиленерин эске салып, мэрияга мындай маанилүү иш-чараларга азыртадан  даярдык көрүүнү эскертти.

Бишкек шаарынын 2015-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча өткөн  коллегиялык жыйында Өкмөт башчы Темир Сариев шаарда кирешелер ойдогудай чогулбай жатканын айтып, район акимдери менен шаардык салык бөлумдөрүнүн жетекчилеринин ишин сынга алды. Ишти жакшыртуу менен кирешени көбөйтүүгө болорун айткан премьер, бул маселе боюнча Мамлекеттик Салык кызматынын жетекчилигине Бишкек шаардык Салык башкармалыгын жетекчисинин ээлеген кызматына ылайыктуулугу тууралуу маселени карап чыгууну тапшырды.

Ошондой эле өкмөт башчы Бишкек шаарындагы жаңы ишканаларды ачуу жана токтоп турган ишканаларды жандандыруу боюнча иштер өз деңгээлинде жүрбөй жатканын сынга алды. Вице-мэр Замир Малабековдун айтымында жалпысынан азыркы күндө ордо калаада 360 ишкананын ичинен 144тү токтоп турат. Анын айтымында, иши жүрүшпөй калган ишканаларга кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан кредит берүү керек.

Ордо калаада толгон көйгөйлөрдүн бири бул коомдук транспорт болуп саналат. Бул маселени жеңилдетүү үчүн быйыл жогорку ылдамдыктагы автобус линиясын киргизүү жагы каралып жатканын кала башчысы Кубанычбек Кулматов маалымдады. Анын айтымында буга даярдык иштерин көрүү керек:

-Үстүбүздөгү жылда калаага 50  троллейбус түшөт. Ошондой эле 2016-жылы – баш калаанын түштүгүнөн түндүгүнө  карай жүрө турган жогорку алдымдыктагы автобустар линиясын киргизүү  пландалууда.Бул үчүн даярдык иштерин көрүү керек. Дагы бир максат – жары  берүү боюнча иш жасоо. 21-кылымда 448 кутучаны ар кечте электриктер келип, кол  менен жандырышы уят эле иш. Андыктан жарык берүүчү лампаларды  орнотуу боюнча дагы  иштер жүрүп жатат.

Былтыркы жылда аткарылган иштердин арасынан шаар ичиндеги жолдорду оңдоо ишне оң баа берилди.Жалпысынан өткөн жылы шаарда 25 чакырым жол оңдолгон. Кытайдан келген гранттын эсебинен Жукеев-Пудовкин, Махатма Ганди жана Ауэзов көчөсү салынган. Бардыгына тратуарлар, арыктар, жол белгилери орнотулган. Шаардык бюджеттин эсебинен болсо, 12-кичи райондогу муниципалдык набайканага бараткан жол, Токтогул, Ибраимов, Курманжан Даткан жана Садыгалиев көчөлөрү оңдолгон. Орозбеков жана Патриса Лумумба көчөлөрүн оңдоо иштери башталып, аны быйыл бүткөрүү пландалууда. Быйыл айрыкча Ордо калаада эл аралык денгээлде маанилүү иш-чаралар өтөөрүн эске салган өкмөт башчы, ага алдын-ала даярдык көрүп, айрыкча шаардын сырткы келбетине көңүл бурууну эскертти.

Жыйынтыгында Өкмөт башчы  Кыргызстанда чекке жеткен жакырчылыктын деңгээли 12  пайыздан 0,2 пайызга төмөндөгөнүн, ал эми жакырчылык 38 пайыздан 30  пайызга азайганын белгиледи. Мындан сырктары  Ордо калаага канатташ отрукташкан конуштардын саны көбөйүп жатканын белгилеп, бул маселеге комплекстүү кадамдар керектигин айтты.