Тайланддын Бангкок шаарында 16-27-январь аралыгында бокс боюнча жаштар арасында Азия чемпионаты өтөт (U-22).
Кыргызстан улуттук курамасы эмгек сиңирген машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу жана анын жардамчысы Улан Сагынбаевдин жетекчилиги астында турнирге катышат.
Континенталдык чемпионатка Кыргызстандын атынан төмөнкүлөр барышат:
48 кг — Анваржан Хожиев
51 кг — Байэл Урөстөмбай Уулу
54 кг — Ислам Төрөбаев
57 кг — Тургунбек Иманкадыров
60 кг — Мирзохид Имамназаров
63,5 кг — Аскат Култаев
67 кг — Ихтияр Нишонов
71 кг — Нурадин Рустамбек Уулу
75 кг — Даниил Абдурахманов
80 кг — Бекбол Мурасбеков
86 кг — Нурсултан Болотбаев
92 кг — Бакыт Токтосун Уулу
92 КГдан жогору — Ооматбек Эльчоро уулу
Башкы машыктыруучу — Данияр Төлөгөн уулу
Калыс — Мукаш Ырсалиев R/J IBA 3-Star
Машыктыруучулар — Улан Сагынбаев, Айбек Байсаяков, Бейшембек Сабатаров