Жаңылыктар
Якутияда 50 градуска жеткен суук болууда
Дүйнө
Якутияда 50 градуска жеткен суук болууда

Якутск шаарында абанын температура 47 градустан төмөн түштү. Жергиликтүү тургундар Раптли маалымат агенттигине республикадагы аяздуу аба ырайы менен бөлүштү. Анда тартылган тасмалардан суукта самын көбүктөрү тоңуп, суу музга айланып, нымдуу нерселер заматта катып калганын көрүүгө болот.

Белгилей кетсек Якутиянын калкы суук аба ырайына көнүп калышкандай. Аймакта суукка карабай тыштагы соода-сатык, жумуштар кадимкидей жүрө берет. Былтыр Якутияда декабрдын ортолорунда да адаттан тыш суук аба ырайы катталган болчу. Анда термометрдин мамычасы 60 градусту көрсөткөн жана бул - аймактагы акыркы 10 жылдагы суук аба ырайынын рекорддук төмөн температурасы катары катталган.