Жаңылыктар
Бишкекте грек-рим күрөшү боюнча өлкө чемпионаты болот
Спорт
Бишкекте грек-рим күрөшү боюнча өлкө чемпионаты болот

Бишкек шаарында грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты.

Мелдеш 21-22-январь аралыгында Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтөт. Турнирде 55, 60, 63, 67, 72, 77, 82, 87, 97 жана 130 кг салмак чен бирлигинде беттештер болот.

Спорттук иш-чара UWW эл аралык уюмунун бекиткен эрежелерине ылайык өткөрүлөт.

Өлкө чемпионатын улуттук курамага мыктыларды тандап алуу, спортчулардын тажрыйбасын өрчүтүү жана жаштарды күрөшкө кызыктыруу максатында уюштурулганы жатат.