Жаңылыктар
2022-жылы Салык кызматы 208 миллиард сомдон ашык салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду
Кыргызстан жаңылыктары
 2022-жылы Салык кызматы 208 миллиард сомдон ашык салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду

2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Мамлекеттик салык кызматы 207 млрд 901,6 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуп, белгиленген планды 3,7 млрд сомго ашыгы менен аткарды. Бул 2021-жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 63,8 млрд сомго көп.

Анын ичинде 156 млрд 338,3 млн сом салык жана төлөмдөр жыйналган. План 729,4 млн сомго ашыгы менен аткарылды. 2021-жылга салыштырмалуу 50 млрд 624,3 млн сомго көп чогултулган (өсүү ыргагы 147,9%).

Камсыздардыруу төгүмдөрү боюнча чогултулган сумма 51 млрд 563,3 млн сомду түзүп, план 3 млрд 18,3 млн сомго ашыгы менен аткарылды. Бул 2021-жылга салыштырмалуу 13 млрд 184,7 млн сомго көп (өсүү ыргагы 134,4%).