Бишкекке жаңы автобустардын биринчи тобу алынып келди. Эми дагы жыйырма коомдук транспорт борбор калаанын көчөлөрү менен каттайт. Жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустар буйрутма менен Кытайдан алынды. Келишим боюнча калган жүз автобус жакын арада алынып келет-деди шаар мэри. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен автобустарды сатып алуу үчүн шаардык бюджеттен 1 млрд сом бөлүнгөн. Автобустар газ менен жүрүп, абага зыяндуу заттар чыкпайт. Сыйымдуулугу 75 адамга ылайыкталган, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн да орундуктар каралган. Бул өз кезегинде шаардагы тыгын маселесин чечүүгө өбөлгө болот.