Жаңылыктар
Абдисалам уулу BRAVE CF уюмунун титулу үчүн беттешет
Спорт
Абдисалам уулу BRAVE CF уюмунун титулу үчүн беттешет

Сербиянын Белград шаарында Кыргызстандык ММА мушкери Кубанычбек Абдисалам уулу (18-3) BRAVE CF уюмунун чемпиондук титулу үчүн ат салышат.

 BRAVE CF 69 мелдеши 18-февралда  болот. Ал эми Кубанычбек Абдисалам уулу жеңил салмак категориясынын алкагында орусиялык Камиль Магомедов менен кезигет (14-4).

Өткөн жылдын 18-июнунда Абдисалам уулу Бухара шаарында (Өзбекстан) уюмдун убактылуу чемпиону аталган. Анда казак мушкери Олжас Эскарбаевди тизе бүктүргөн.

BRAVE CF уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Ахмад Амир болчу. Бирок ал активдүү болбогонуна байланыштуу жетекчилик титулдан ажыратышкан.