Жаңылыктар
Москвада мигранттарды жугуштуу ооруларга текшерүүдө акы алынбайт
Мекендештер
Москвада мигранттарды жугуштуу ооруларга текшерүүдө акы алынбайт

Москва шаарынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жугуштуу ооруларга кошумча текшерүүдө акы төлөө жокко чыгарылды. Бул туурасында Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен кабарлашты. 

Бул Кыргызстан тараптын бир нече ирет кайрылуусунан жана Тышкы иштер министрлигинин, элчиликтин Орусия тарап менен жүргүзүлгөн тынымсыз иштеринен кийин болгонун белгилешти. 

Москва шаарынын "Көп функционалдуу миграциялык борбору" мамлекеттик бюджеттик мекемесинин аймагында жүргүзүлгөн медициналык изилдөөлөрдүн тизмеси кеңейтилген. Аталган Борбордун аймагында жугуштуу оорулардын бар-жогуна кошумча медициналык текшерүүлөр жүргүзүлөт. 

Дарт аныкталган жана тийиштүү дарылоону талап кылган учурда чет өлкөлүк жаран Москва шаарындагы адистештирилген медициналык уюмдарга жөнөтүлүүгө тийиш. Бул учурда дарылоо үчүн акы алынбайт.