Жаңылыктар
ККМдин жаңы моделдерине өтүү мөөнөтү эки айга узартылды
Кыргызстан жаңылыктары
ККМдин жаңы моделдерине өтүү мөөнөтү эки айга узартылды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен контролдук-кассалык машиналардын жаңы моделдерине өтүү мөөнөтү эки айга узартылды жана ККМди колдонуудан бошотулган иштин түрлөрүнүн тизмеси кеңейтилди.

Бул акчалай эсептешүүлөрдө ККМди колдонуу бөлүгүндө салык милдеттенмелерин аткарууда ишкерлерге көмөк көрсөтүү максатында, ошондой эле бизнес субъекттеринин көп сандаган кайрылууларын эске алуу менен жасалды.

Аталган токтомго ылайык, 2023-жылдын 1-мартына чейин ККМдин жаңы моделдерине өтүү мөөнөтү, ал эми 2023-жылдын 1-апрелине чейин товарларды идентификациялоо каражаттарынын коддору (товарларды маркалоо) жөнүндө маалыматтарды кассалык чектерде милдеттүү түрдө чагылдыруу мөөнөтү узартылды.

Мындан тышкары, базарларда, чакан базарларда, жарманкелерде жана көргөзмөлөрдө иш жүргүзгөн субъекттер 2023-жылдын 1-апрелине чейин ККМ колдонбостон иштей алышат (патенттин негизинде иш жүргүзүү шартында).

Ошондой эле ККМди колдонуудан бошотулган иштин түрлөрүнүн тизмеси кеңейтилди. Тизмеге төмөнкүдөй түрлөр киргизилди:

- газета-журнал күркөлөрүндө газета жана журналдарды, ошондой эле алкоголдук продукцияларды жана тамеки буюмдарынан тышкары, башка товарларды сатуу;

- кол арабаларды, алып чыгуучу текчелерди, күркө жана ларектерди пайдалануу менен гүл өстүрүү продукцияларын, айыл чарба продукцияларын, нан азыктарын, улуттук жана сергитүүчү суусундуктарды чекене сатуу;

- цистерна/челектерден квас, сүт, муздатылган жана улуттук суусундуктарды чекене сатуу;

- окуу жайларында жайгашкан ашканаларда жана буфеттерде көрсөтүлүүчү коомдук тамактануу кызматтары.

Толук маалыматты аймактык салык органынан же https://www.gov.kg/ky/npa/s/4297 сайтынан алууга болот.