Жаңылыктар
2022-жылдын ичинде Мамкурулуш 96 объектти бүткөрдү
Кыргызстан жаңылыктары
2022-жылдын ичинде Мамкурулуш 96 объектти бүткөрдү

2022-жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан 96 объект бүткөрүлгөн.

Тармактар боюнча:

- 37 мектеп (5200 окуу орунга);

- 12 бала бакча (530 орунга);

- 4 спорттук комплекс;

- 2 саламаттык сактоо объекттиси;

- 2 маданият тармагындагы объект;

- 1 башка объект;

- 38 айылда 87 миңден ашык жаран таза суу менен камсыз болду.

Облустар боюнча:

Чуй облусу жана Бишкек шаары – 15 объект;

Баткен облусу – 8 объект;

Жалал-Абад облусу – 23 объект;

Ысык-Көл облусу – 12 объект;

Нарын облусу – 8 объект;

Ош облусу – 24 объект;

Талас облусу – 6 объект.