Жаңылыктар
Теннисчи Давид Могилевский жарым финалда
Спорт
Теннисчи Давид Могилевский жарым финалда

Кыргызстандык теннисчи Давид Могилевский 14 жашка чейинкилер арасында Азия чемпионатына тандап алуу турунун жарым финалына чыкты.

Турнир Бахрейнде болууда.

Чейрек финалда Давид Могилевский ливандык атаандашын 2:0 эсебинде жеңип алды (6:1, 6:2). Ошону менен бирге Султан Сатыкеев дагы чейрек финалда оюн жүргүздү. Бирок 0:2 эсебинде утулуп калды. Эми ал 5-орун үчүн беттешет.

Айта кетсек, 10-январь күнү кыздар арасында дагы мелдеш старт алган. Кыргызстандык Ева Гавшина жана Камила Арипова атаандаштарын тизе бүктүрүштү.