Жаңылыктар
Жогорку соттун жаңы имаратынын ачылышы болуп өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Жогорку соттун жаңы имаратынын ачылышы болуп өттү

“Эгер мен таза болсом, сен таза болсоң, коомубуз да таза болот!” Исхак Разаковдун ушул осуятын Жогорку соттун судьялары жана жалпы эле фемида өкүлдөрү ыйык сактоого тийиш. Мындай пикирин Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку соттун жаңы имаратына барганда билдирди. 

Өлкө башчы Сот бийлиги мамлекеттик бийликтин толук укуктуу бутактарынын бири. Ошондуктан Жогорку сот мындан ары борбордун чок ортосундагы тарыхый имаратта - Президент, Жогорку Кеңеш жана Өкмөт менен жакын жайгашканы зор мааниге ээ, -деди. 

Жогорку соттун, эң адилет жана чынчыл мамлекеттик жетекчинин үлгүсү, саясый ишмер Исхак Раззаков иштеген алгачкы тарыхый имаратка жайгашкандыгынын өзү жакшылыктын белгиси,- деп кошумчалады өлко башчы.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118