Жаңылыктар
Чек ара: жабыркагандардын насыясы жоюлду
Чек ара
Чек ара: жабыркагандардын насыясы жоюлду

Тажикстандын Кыргызстанга куралдуу кол салуусунан жабыркаган Баткен жана Ош облустарындагы насыя алгандардын карызы кечилди. Бул туурасында Улуттук банктан билдиришти. 

Маалыматта айтылгандай, 2022-жылдын 30-декабрына карата абал боюнча финансы-кредиттик уюмдарга 514 карыз алуучу кайрылган, 31 млн 480 миң сом суммасында 366 насыя жоюлган, 63 млн 683 миң сом суммасында 224 кредит реструктуризацияланган.

Эске салсак, былтыр 14-17-сентябрда Тажикстан Кыргызстандын аймагына куралдуу кол салган. Андан Саламаттык сактоо министрлигинин акыркы маалыматтары боюнча, 63 адам курман болуп, 198 киши жабыркаган. Ошондой эле турак жайлар, социалдык объектилер талкаланган.