Нарында карышкыр күч алды. Айрым учурда короого чейин кирип, кол салган учурлар катталууда. Ат-Башы районунун Ак-Жар айылынын тургунунун малына карышкыр тийип, жүздөн ашык койду кырып кеткен. Жергиликтүү мергенчилер жапайы жырткыч менен аёосуз күрөш жүрүп жатканын айтса, малчылар бул багытта эч кандай иштер аткарылбай жатканын билдиришет.