Жаңылыктар
Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган кыргыз-казак интеллигенциясынын эл аралык форуму өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган кыргыз-казак интеллигенциясынын эл аралык форуму өтөт

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 11-январда, КР Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, академик Чолпонкул Арабаев, Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик Абдылдажан Акматалиев, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тиешелүү бөлүм башчылары менен Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл жазуучусу Чынгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата кыргыз-казак интеллигенциясынын эл аралык форумун уюштуруу боюнча жыйын өткөрдү.


Аталган иш чара Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата эл аралык жана республикалык деңгээлде өтө турган иш чаралардын башаты.

Иш-чарага Казакстан Республикасынын Сенатынын Төрагасы Маулен Ашимбаевдин, Казакстан Республикасынын маалымат жана коомдук өнүктүрүү министри Дархан Кыдыралинин катышуусу күтүлүүдө.
Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын белгилүү окумуштуулары Чынгыз Айтматовдун өмүр жолу жана чыгармачылыгы тууралуу баяндамаларды жасашат.

Аталган иш чара январдын аягында Бишкек шаарында өтүүсү күтүлүүдө.