Жаңылыктар
Оштун көчөлөрүнө кум-туз себилүүдө
Аймак
Оштун көчөлөрүнө кум-туз себилүүдө

Тынымсыз жааган кардан улам, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун тапшырмасына ылайык, шаардын бардык муниципалдык кызматтары жолдорду кардан тазалоо жана кум-туз аралашмасын чачуу иштерин күчөтүүдө. 

Вице-мэр Сонунбек Жунусбаев тийиштүү ишканалардын жетекчилери менен биргеликте көзөмөлгө алууда. Анын жүрүшүндө калаа жетекчилиги жолдорду кардан тазалоо боюнча абалды көзөмөлгө алып, бардык кызматтар өздөрүнө тапшырылган жол тилкелерин тазалоодо эриш-аркак иштөөсү керек. 

Жолдорду тазалоо иштерин Ош-Тазалык, ДЭП-21 ишканалары, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты, жолдор башкармалыгы аткарат.