Жаңылыктар
Баткенде жабыркаган жарандардын документи калыбына келтирилүүдө
Аймак
Баткенде жабыркаган жарандардын документи калыбына келтирилүүдө

Баткен облусуна тажик тараптын кол салуусунан жабыркаган жарандардын 854 документи калыбына келтирилди. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди. 

Бул максатта Баткен облусунун үч районунда, Бишкек жана Ош шаарларында мобилдик топтор уюштурулган. Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында 928 мамлекеттик кызмат көрсөтүлүп, анын ичинен 854 документ берилген. Мындай кызмат акысыз көрсөтүлгөн.