Жаңылыктар
Ыр генийи Рыспай Абдыкадыров
Маданият
Ыр генийи Рыспай Абдыкадыров

12-январь - кыргыз элинин таланттуу уулдарынын бири – обончу, композитор Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнү. Көптөгөн мыкты чыгармаларга обон жараткан инсандын көзү тирүү болгондо быйыл 82  жашка толмок.

Рыспайдын  чыгармачылыгы  тууралуу

Сооронбай Жусуев акын,  Кыргыз Республикасынын Баатыры

Азыр ойлоп көрсөм, ал менин он бешке жакын ырымдын текстине обон чыгарган экен. Менин  ыр китептеримди окуп, анан обон чыгарган. Ошол ырлардын көбү  азыр сахналарда ырдалып жүрөт. Ал өзүнө керектүү  тексттерди иргеп, тандап алууга  абдан дасыккан болучу, бул жагынан  анын табити кылдат эле.

  • ал өзүнүн ышкылуу жүрөгүнөн чыккан укмуштай мукам ырлары аркылуу элибиздин калың катмарына сиңип кеткен улуу ырчы болчу.
  • 3000 жашка толуп жаткан байыркы Ош шаарынын Сулайман Тоосунун түбүндө Рыспай Абдыкадыровдун ак мармардан айкели тургузулду. Бул айкелди курууда анын өмүрлүк жары Давлет эрдик кылды десек жаңылышпайбыз.

Муратбек Бегалиев композитор,  Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси

  • Эсимде, ал учур радионун өркүндөп турган мезгили эле. Элибиз да  жаңы ырларга  муктаж болуп турган кез. Рыспай  аганын бир күндө бир ыры эфирден – бери жагы дегенде беш же он жолу берилчү эле. Таланты бар мектеп жаштары  ыр-хор ийримине сөзсүз Рыспай агабыздын ыры болобу, же башка обончунукубу, жаттап барып, далай мактоолорго татыганбыз.
  • “Алмашым”, “Кымбатым”, “Сагынуу”, “Издейм сени” “Түгөйүм”, “Эсиңдеби”, “Жолугаарым билгемин”, “Алтынчы күнү  кечинде”, “Жүрөккө жүрөк сыр берет”,  жана башка көптөгөн  ырлары эмдигиче  көөнөрбөстөн, ар бир жан дүйнөсү  кең адамдардын  жүрөгүндө сакталуу.

Камчыбек Дүйшалиев искусство таануу  илиминин доктору, профессор

Рыспай  Абдыкадыров – азыркы элдик вокал искусствосунун  генийи

  • Рыспайдын үнү  тенор. Кыргыздарга мүнөздүү  лирикалык тенор. Кулакка жагымдуу  угулган тембр. Тембринин өзүнчө  боек-түсү  бар. Ачык түстүү шаңкылдаган үн. Диапазону бир октавадан ашат. Кээде жарым үн (фальцет) менен ырдап  диапазонун  кеңейтет. Ар дайым үндүн, обондун интонациялык  айлануулардын кооздолушуна көңүл бурат.

Улуу обончу-композитордун  ырларына жанрдык, структуралык талдоо жүргүзө турган болсок, аны жалпы лирик обончу экенин айтууга болот. Обондору жумшак, назик, муңайыңкы мүнөздө  жаңырат. Эски жана жаңы “Күйгөн”, “Арман” ырларынын нугунда ырдалат. Бирок, ал салттуу жанрлардын эски, стилдик формаларын туурабайт. Заманбапка жараша  ылайыкташтырып, музыканын коомдошуу (социалдашуу) процесстерине өз салымын кошту. Натыйжада, Рыспайдын чыгармалары ырчылык маданиятта  жаңы коомдук- көркөм эстетикалык  сезимдер, жаңы музыкалык критерийлер, ошондой эле заманбап обончулукка болгон  мамилелер  трансформацияланды.

Түгөлбай  Казаков КР эл артисти

  • Кыргызда өнөрпоз  көп. Обончу, ырчы, андан бетер.Жанына жанды теңебегендер  четтен чыгат. Бирок, рыспайчалык  катуу чыккан, бүтүндөй  элди  заматта баш ийдирип, жүрөгүн  ээлеген, кыргыз обонуна  жаңы тембр,  жаңы  диапазон  киргизип,  текстуралык, формалык төңкөрүштөрдү  жасап, атак-даңктын түшкө  кирбеген  торнадосуна  туш болгон, муңдуу  ырдын  мунарасын тургузуп, анын  башында  отуз эки  жыл бою  күүсүнөн  жанбай, өз үнү, өз почерки  менен булбул болуп  таңшып турган  дагы бирөө  барбы?
  • Анын  кыялы татаал эле дешет.Меники  да оңой  эмес. Бирок, биз тааныш болгон  жыйырма  жети жылда  ар кандай  шартта жолуксак да, сирке суу көтөрбөй турган  кездерде да мен ал кишинин  мээриминен  башкага туш болбодум. Мүмкүн ал өмүр  бою унчукпай  бата берип жүргөндүр... 

Бөкөнбай Боркеев КР маданиятына  эмгек сиңирген ишмер, журналист

Ырга айланган өмүр

Ырас, искусство дүйнөсүнө көп эле адам келет. Бирок, алардын көбү өз учурунда кыйла бел болгону менен мезгилдин жаркын барагы катары  курбалдаштарынын, күйөрмандарынын  жана өнөр таржымалында гана сакталып калышы ыктымал. Ал эми, ошолордун ичинен өнөр айдыңына күчтүү дүбүрт менен киргендер, болгондо да чыгармачылыгынан дайыма жаштыктын, мекенчилдиктин илеби уруп тургандар, түбөлүк жашыл арча сымал качан да болсо көркөмдүк кудуретинен жазбай жашоо касиетине ээ болот. Мына ушундай чыгармачылык өнөр  бактысына туш болгондордун арасында обончу Рыспай Абдыкадыровдун да өз орду бар.

Ырда, Рыспай!

Сенин  ырың – тоо суусунун

Комуз күүлүү шарындай.

Сенин ырың  - тоо койнунда

Түндө  күйгөн жалындай.

Сенин  ырың – жазгы күндүн

Жан жыргатаар таңындай.

Анан ошол ырларыңды

Ким туралат сагынбай.

Маалыматтар “Р.Абдыкадыров” фондунун  2017-жылы чыккан“Рыспай” аттуу  6 томдук көркөм-адабий  китебинен алынды. 

Даярдаган Гүлмира  Кулумбаева