12-январга караган түнү Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы 10 дон ашык айыл кар туткунунда калды. Бороондон улам жолдордо кар күрткүлөрү пайда болгон.
Алты унаа ичиндеги 16 адам куткарылды. Азыркы тапта тазалоочу техниканын жетишсиздигинен улам жолдор толугу менен ачыла элек. Мындан сырткары бир нече айылдарда электр энергиясы үзгүлтүккө учураган.