Жаңылыктар
Туризмди өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор колдоого алынат
Туризм
Туризмди өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор колдоого алынат

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров туризмди өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор боюнча кеңешме өткөрдү. 

Жыйындын жүрүшүндө "Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ачык акционердик коому тарабынан иштелип жаткан долбоорлор сунушталды. Баткен облусунун Раззаков шаарындагы 4 жылдыздуу мейманкана комплексинин, дубандагы санаториялык-курорттук комплекстин жана балдардын ден соолугун чыңдоочу лагердин долбоорлору көрсөтүлдү.

Фонддун өкүлдөрү 960 млн долларга 32 санаториялык-курорттук объектилер тармагын өнүктүрүү долбоорун сунуштады. «Ак-Кеме» мейманканасын калыбына келтирүү, өлкө аймактарында глемпинг түйүндөрүн өнүктүрүү, Бишкек шаарына жакын жерде кароо аянтчасын түзүү боюнча долбоорду ишке ашыруу пландары тууралуу маалымат берилди. 

Министрлер Кабинетинин башчысы тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына өлкөнүн туристтик дараметин өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду мындан ары иштеп чыгууну тапшырды.