Жаңылыктар
"Үркүн" көркөм тасмасынын бет ачары болду
Маданият
"Үркүн" көркөм тасмасынын бет ачары болду

Бүгүн Бишкекте "Үркүн" көркөм тасмасынын бет ачары болду. Тасмада 1916-жылы жан айласын издеп туш тарапка качкан кыргыз элинин оор тагдыры чагылдырылган. Фильмди тартуу процесси бир жылга созулуп, 1 кылым мурда болуп өткөн улуттук - боштондук кыймылын экрандаштырууда 100 миң доллардын тегерегиндеги каражат сарпталган. 

Ак падышанын жазалоочу отрядынан ыдык көрүп, Кытайга жөө качкан элдин тагдыры. Музга оронгон азаптуу бийик ашууну ашып, ачкачылык менен суук эмне экендигин жон териси менен сезген элдин арманы жана күйүтү. Мунун баары “Үркүн” көркөм тасмасында чагылдырылган. Бул эмгек Үркүн темасына арналган алгачкы көркөм тасма болду.



Тасманын режиссеру Медин Учкеев үркүн темасында фильм тартууну жаш кезинен кыялданган. Ал кездеги элдин азабын биринчи жолу экрандаштырган режиссер фильмди тартуу процесси дагы бир топ азап менен коштолгонун айтат.

Фильмди тартууга жалпысынан 1000ге жакын адам катышып, 50-60 артист ойногон. 2 саатка созулган кинонун бюджети 100 миң доллардын тегерегиндеги сумманы чапчыган.
1916-жылдагы көтөрүлүштүн негизги себептеринин бири орус дыйкандарынын көп санда көчүп келиши жана отурукташып жаткан маалда кыргыздарга карата зомбулуктун күчөшү болгон. Келгин дыйкандар жергиликтүү элди теңсинбей, суунун башын ээлеп алышып, аларды дыйканчылыкка мыкты жерлерин таштап кетүүгө мажбур кылышкан. Айласы кеткенде караламан калк жан айласы үчүн ата-бабасы барып көрбөгөн Кытайга карай үрккөн.

Боштондукту көздөп чыккан элдик кыймыл курч мүнөздө жүрүп, ага кыргыздар, казактар, дуңгандар, уйгурлар, калмактар, татарлар жана айрым орус дыйкандары да катышкан. Жеңилип калгандыгына карабастан, көтөрүлүштүн тарыхый мааниси зор. 20-кылымдын башындагы улуттук-боштондук кыймылдардын эң ириси - элдин эсинде “Үркүн” деген ат менен түбөлүккө сакталып калды.



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118