Жаңылыктар
Руслан Амиров “Алга” клубуна кайтып келди
Спорт
Руслан Амиров “Алга” клубуна кайтып келди

“Алга” футболдук клубу 32 жаштагы дарбазачы Руслан Амиров менен келишим түздү. Ал өткөн сезондун биринчи жарымын борбор калаанын “Дордой” командасында, экинчи бөлүгүн Оштун “Каганат” жаатында өткөргөн.

Кыргызстан Профессионал футбол лигасынын басма сөз кызматы билдиргендей, Амиров буга чейин да “Алганын” курамында бир нече жылы ойноп, 2016-жылы Кыргызстандын чемпионатынын коло байгесин утса, 2020-жылы күмүш медаль тагынган. Дарбазачы менен жаңы келишим бир сезонго эсептелген. Амиров карьерасын “Кант-77” клубунда баштап, андан соң “Абдыш-Атада” топ сүргөн. Мындан тышкары Казахстандын “Лашын”, “Гефест, Түркиянын “Туранспор” жана Мальдив аралдарынын “Юнайтед Виктори” клубдарынын намысын коргогон.

Кыргызстандын улуттук курамасы үчүн 2011-жылдын 23-июлунда дебют жасаган. Ал күнү “Акшумкарлар” дүйнөлүк чемпионаттын тандоо турунун алкагында Өзбекстан менен беттешип, 0:4 айырмасында утулган. Амиров экинчи таймда Владислав Волковдун ордуна чыккан. 2011-2013-жылдар аралыгында голкипер улуттук курама үчүн жалпы 5 беттеш өткөргөн.