Жаңылыктар
Кыргызстан курамасынын атаандаштары белгилүү болду
Спорт
 Кыргызстан курамасынын атаандаштары белгилүү болду

12-январь күнү футбол боюнча Кыргызстандын кыз-келиндер курамасынын Париж-2024 олимпиада оюндарына тандоо турундагы атаандаштары белгилүү болду. Чүчү кулак кармоо иш-чарасы Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында болуп өттү. Тандоо баскычынын 1-турунда 26 команда 7 тайпага бөлүндү.

Бул баскычта командалар бири-бири менен бир жолудан ойношот. Топтун жеңүүчүлөрү гана экинчи турга өтөт. Кыргызстандын курама командасы чүчү кулак алдында экинчи себетке кирген. Бул жакта Кыргызстандан тышкары Иран, Иордания, Гонконг, Индонезия, Непал жана Монголия өлкөлөрү орун алган.

Чүчү кулактын жыйынтыгында кыргыз спортчулары G тайпасында жайгашып, Индия жана  Түркменистан менен атаандаш болду. Тандоо туру ушул жылдын 3-апрелинен 11-апрелине чейин борбордоштурулган форматта өтөт.