Жаңылыктар
Адилет Нурматов чемпиондук кур үчүн беттешет
Спорт
 Адилет Нурматов чемпиондук кур үчүн беттешет

17-февралда Орусиянын Воронеж шаарында “Open FC 27” турнири өтөт. Аталган мелдеште, 66 килограмм салмакта “Open FC” уюмунун чемпиондук куру үчүн беттеш орун алат, анда “Көк жал” деген каймана ысымы менен белгилүү, кыргызстандык мушкер Адилет Нурматов орусиялык Илья Курзанов менен күч сынашат.

Нурматов карьерасында 11 беттеш өткөрүп, тогузунда жеңишке жеткен. 2022-жылы ал эки беттеш өткөргөн. Май айында “Аmir temur fighting championship 10” мелдешинде израилдик Орон Кахлонду 1-раундда техникалык нокаут менен уткан. 1-октябрь күнү Барнаулда өткөн “Оpen fighting championship 24” турниринде азербайжандык Амир Гасиновду сабмишен менен жеңген. Ал эми алдыдагы атаандашы Курзиновдун рекорду 15 жеңиш, 8 жеңилүү.