Жаңылыктар
Улуттук кураманын чабуулчусу карьерасын Индияда улантат
Спорт
Улуттук кураманын чабуулчусу карьерасын Индияда улантат

Футбол боюнча Кыргызстан улуттук курама командасынын 27 жаштагы чабуулчусу Эльдар Молдожунусов индиялык “Гокулам Керала” клубу менен келишим түздү. Бул тууралуу Кыргызстан Профессионал футбол лигасынын басма сөз кызматы кабарлады.

2022-жылкы сезондо Молдожунусов “Нефтчи” клубунда ойноп, Премьер лигада 14 гол киргизип, Атай Жумашев жана Эммануэль Ягр менен бирге чемпионаттын мыкты бомбардири болгон. Кызыгы, буга чейин белгилүү болгондой Жумашев менен Ягр дагы карьераларын Индиянын биринчи лигасында улантышат.

Эльдар Молдожунусов профессионалдык карьерасын “KG Юнайтед” клубунда баштап, андан соң “Абдыш-Ата” жаатында ойногон. 2018-2020-жылдар аралыгында “Нефтчи” клубунун намысын коргоп, бир жолу Кыргызстан кубогун утуп алган. 2021-жылы Оштун “Алай” командасында 1 жыл ойноп, кийинки сезондун башында кайра Кочкор-Атага кайтып келген. Кыргызстан улуттук курамасы үчүн 8 оюн өткөрүп, 1 гол киргизген.