Жаңылыктар
Москва: кырсыкты иликтөө иштери аягына чыга элек
Кырсык
Москва: кырсыкты иликтөө иштери аягына чыга элек

Август айында Москва шаарындагы “Печатный экспресс” ишканасынын имаратында ири өрт чыгып 14 мекендешибиз көз жумган. Учурда бул кырсыкты иликтөө иштери аягына чыга элек. Кыргызстан тарап Россиядагы өкүлдөрү аркылуу маркумдарга компенсация төлөтүп берүүнүн үстүндө иш алып барууда. 

Басмакана жабык болгону менен короосунда өрттүн калдыктары тазаланып жатканы көрүнөт. Каза болгондордун дубалдагы сүрөттөрү, коюлган гүлдөр алынып имараттын айланасы иретке келтирилген.



17 адамдын, анын ичинде 14 кыргызстандыктын өмүрүн жалмаган кырсыктан улам “өрт эрежесин бузуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, ишкана ээси менен башкы инженери камакка алынган. Экөө тең азыр көрсөтмө берүүдө. Ал эми кыргыз тараптын аракети менен күйүп кеткен басмаканада иштеген кыргызстандык жарандардын эмгек акысы төлөнүп берилди. Андан сырткары, маркумдардын жакындарына жөлөк пул төлөтүп берүү маселеси да каралууда. Россиядагы Кыргызстандын элчилиги бул жаатта жөн жатпаптыр.

 Чуулгандуу окуяга байланыштуу Орусиянын тергөө комитети менен Кыргыз милициясынын Москвадагы өкүлчүлүгү биргеликте иш алып барууда. Иш козголгондон тарта соттук экспертизалар дайындалып, топтолгон маалыматтардын жыйынтыгы чыга баштаган. Басмакана ээси жумушчуларды мыйзамсыз ишке алганы жана өрткө карата коопсуздук эрежелери сакталбаганы такталган.

Кыргызстандыктар каза тапкан Москвадагы өрттү иликтөөгө 20дан ашык адис тартылган. Россиянын тергөө комитети түзгөн топко 14 тергөөчү жана 7 эксперт-криминалист кирип, 30дан ашык соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Иликтөө амалдары азыр дагы уланууда.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118