Кыргызстандык мушкер Султанбек Жолдошбек уулу 25-февралда Казакстандын Алматы шаарында өтө турган Naiza FC-49 мелдешине катышат. Бул туурасында аталган уюмдун расмий сайтында жарыяланды.
Ага ылайык, Гран-При Naiza FC турниринин финалдык бөлүгүндө жеңил салмак ченде Султанбек Жолдошбек уулу казакстандык Дастан Амангельды менен беттеш өткөрөт. Кыргыз мушкери кесипкөй жолунда жалпы 19 беттеш өткөрсө, анда 17 атаандашын жеңип, 2 жолу жеңилип калган.
Акыркы таймашын Найза ФС-46 турниринде бразилиялык Диас Рафаэль менен өткөрүп, калыстардын бирдей чечими менен жеңүүчү деп табылган. Ал эми атаандашы Дастан Амангельдынын карамагында 5 жеңиш бар. Соңку беттешин Найза ФС-48 турниринде өткөрүп, мекендеши Елжан Алиаскарды утуп алган.