Жаңылыктар
Хоккей боюнча Кыргызстандын командасы Орусиядагы мелдешке катышат
Спорт
Хоккей боюнча Кыргызстандын командасы Орусиядагы мелдешке катышат

Хоккей боюнча Кыргызстандын командасы Орусия федерациясынын Казань шаарында өтө турган эл аралык мелдешке катышат. Турнир 14-17-январь аралыгында “Татнефть  Аренасында” орун алат. Анда эркектер арасында 12 жана кыз-келиндер арасында 5 команда катышат.

Кыргызстан курамасынын атаандаштары Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Аравия, Иран, Оман, Бахрейн, Казакстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан өлкөлөрү болот. Мелдештин ачылышы 14-январь күнү Бишкек убактысы боюнча саат 16:00 дө башталат.

Белгилей кетсек, турнир “Россия – Ислам дүйнөсү: Казан саммити-2022” эл аралык саммитинин негизинде уюштурулган.