Жаңылыктар
Бишкек ЖЭБи өз нугунда иштөөдө
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек ЖЭБи өз нугунда иштөөдө

Кыргызстанда акыркы 3 күндөгү суукта электр энергиясын керектөө эң жогорку чекке жетти. Улуттук электр тармактар ишканасы мындай жагдай негизги жабдуулардын ашыкча жүктөмүнө жана электр энергиясы менен камсыздоонун авариялык өчүрүлүшүнө алып келиши мүмкүндүгүн эскертти. Бул арада Бишкек жылуулук борбору өз нугунда иштеп, керектөөчүлөрдү жылуулук жана ысык суу менен үзгүлтүксүз камсыздап жатат.