Жаңылыктар
Камчыбек Ташиев Азия мелдешине катыша турган спортчулар менен жолукту
Спорт
Камчыбек Ташиев Азия мелдешине катыша турган спортчулар менен жолукту

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 14-январда Азия чемпионатына катыша турган мушкерлер менен жолугушту.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, Ташиев Улуттук бокс федерациясынын вице-президенти. Жолугушууда ал коллективге ийгиликтерди каалады.

«Ар бир кыргызстандык спортчу мекенге болгон сүйүүсү күчтүү болсо, талыкпай эмгектенип, багынбаса, сөзсүз жеңишке жетет», - деди УКМКнын башчысы жыйында.

Ал ошондой эле өлкө жетекчилиги «спортчуларга өзгөчө маани берерин» белгилеп, «алардын машыгуусуна ар тараптуу шарттарды түзүүгө» убада берди. Өз кезегинде спортчулар Ташиевге кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирип, байгелүү орундарга ээ болоруна ишендиришти.

22 жашка чейинкилер арасында чемпионат 16-27-январь аралыгында Таиландда өтөт. Кыргызстандын атынан 12 боксчу, 3 машыктыруучу жана бир калыс барат.