Жаңылыктар
Ош шаарында жаш жигитти сабап өлтүргөн эки шектүү жарандар кармалды
Кылмыш
Ош шаарында жаш жигитти сабап өлтүргөн эки шектүү жарандар кармалды

ИИМ: Ош шаарында жаш жигитти сабап өлтүргөн эки шектүү жарандар кармалды

12-январдан 13-январга караган түнү Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүнөн банктын жанынан 1993-жылы туулган А. Н. жарандын сөөгү табылып, аны белгисиз адамдар тобу сабап өлтүрүшкөндүгү аныкталган.

Мындан тышкары, ошол эле түнү ооруканага 1995-жылы туулган Н. М. аттуу дагы бир жаран оор абалда бычактан жаракат алынып келинген.

Бул факт Ош шаарынын ИИБде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүндө (адам өлтүрүү) каралган кылмыштын белгилери боюнча катталган.

14-январда ыкчам-издөө иш-чараларын өткөрүүнүн жүрүшүндө ИИМдин кызматкерлери Чүй облусунун аймагында чек-арадан өтүү аракетинде издөөдө жүргөн К. у. Э. жана Р. у. А. кармалышты.

Азыркы учурда өзгөчө оор кылмышка тиешеси бар башка адамдарды да кармоо боюнча комплекстүү ыкчам-издөө жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

ИИМдин Басма сөз кызматы