Жаңылыктар
Тышкы иштер министрлиги 25 жылдык мааракесин белгилейт
Кыргызстан жаңылыктары
Тышкы иштер министрлиги  25 жылдык мааракесин белгилейт

Тышкы иштер министрлиги 24-октябрда 25 жылдык мааракесин белгилегени турат. Эгемендүүлүк жылы түптөлгөн мекеме өлкөнүн тышкы саясатын татыктуу жүргүзүп, дүйнөлүк аренадагы кадыр-баркын бекемдеп келет. Албетте бул аракеттердин баары дасыккан, ишин мыкты билген кыраакы элчилердин аракетинин акыбети.

Тышкы саясаттын ысык-суугуна күйүп, Кыргызстандын кызыкчылыгын сыртта коргоп келген Лидия Иманалиева элчилик кызматта 25 жыл үзүрлүү эмгектенди. Бул убакыт аралыгында сегиз өлкөдө элчи болуп, тышкы иштер министринин биринчи орун басары болуп турду. Учурда такшалган элчи тажрыйбасы менен Дипломатиялык академиянын студенттерине бөлүшүүдө. Иманалиеванын тажрыйбалык жолу тышкы иштер мекемеси түптөлгөн жылдарга туш келди. Элчи адегенде ишти жолго салгыча кыйынчылыктар болгонун эскерет.

Тышкы саясатта мамиле түзүү, башка өлкөлөр менен кызматташтыкты бекемдеп, ийкемдүү сүйлөшүү эң башкы милдет. Кыргызстандын тышкы саясатында бул тармакта бийик сереге жеткен айымдар саналуу гана. Ошентсе да тышкы саясаттын бийик деңгээлге көтөрүлүшүнө айым элчилердин кошкон салымы зор-дейт Лидия Иманалиева.

Учурда өлкөнүн тышкы саясатын жакшы нукта бара жатат, бир топ мамлекеттер менен кызматташтык жаңы деңгээлге чыкты-дейт талдоочулар. Эл аралык байланыш чыңдалууда. Лидия Иманалиева да Кыргызстандын тышкы саясатынын келечеги кең экенин айтат. Соңку жылдары мыкты, иштин көзүн билген жаш адистерди даярдоо жагы да колго алынган.

Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118