Жаңылыктар
УКМК төрагасы азия мелдешине катышуучу спортчулар менен жолукту
Спорт
УКМК төрагасы азия мелдешине катышуучу спортчулар менен жолукту

УКМК Төрагасы Камчыбек Ташиев Азия чемпионатына катышуу үчүн жөнөп жаткан спортчулар менен жолукту. 

Мелдеш 16-27-январь күндөрү Таиланддын Бангкок шаарында өтөт. Аталган чемпионат 22 жашка чейинкилер арасында болуп, Кыргызстандан 12 мушкер, 3 машыктыруучу жана бир калыс барышат. Жолугушууда УКМК төрагасы курама командага ийгилик, мушкерлердин байгелүү орундарга ээ болушун каалады. Ошондой эле УКМК төрагасы ар бир Кыргызстандык спортчунун жүрөгүндө мекенге болгон сүйүүсү күч болуп, таалыкпай эмгек кылып, аракеттен тайбаса сөзсүз жеңишти багындыраарын айтты жана мамлекет спортчуларга өзгөчө маани берип, алардын машыгуусуна ар тараптуу шарт түзүп берүүгө көмөктөшөөрүн билдирди.