Жаңылыктар
ЖК: жаңы окуу жылын 15-сентябрдан баштоо демилгеси көтөрүлүүдө
Билим
ЖК: жаңы окуу жылын 15-сентябрдан баштоо демилгеси көтөрүлүүдө

Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясы, жаңы окуу жылын 1-сентябрда эмес, 15-сентябрдан баштоо керек деген демилге көтөрүүдө. Анткени бул маселенин чечилиши өлкөнүн туризм тармагына кайсы бир деңгээлде таасирин тийгизген жагдайлар бар. 

Эгер жаңы окуу жылы 1-сентябрда эмес, 15-сентябрда башталса, өлкөнүн туризм тармагы бир кыйла өнүгөт. Мындай демилгени парламенттеги Кыргызстан фракциясынын депутаттары көтөрүп чыгышты. Маселени алып чыгаардан мурда, демилгечилер туризмдин өзөгү делген Ысык-Көл облусунун тургундары менен жолугушууларды өткөргөн. Ошол учурда, эс алуу жайларынын өкүлдөрү дагы, жергиликтүү тургундар тараптан дагы, бул сунуш колдоо тапкан.



Бишкектеги №68 гимназиянын директору Канымжан Өмүрованын баамында, мектеп программасына кесепети тийбегендей болуп, бөлүнгөн сааттардын баардыгы эсептелинип чыкса, анда окуу жылын 15 күнгө кечеңдетип баштоого мүмкүн. Анан калса, окуучулардын эс алуусу менен ден-соолугу да унутта калбашы керек.

Мындай демилге өзгөчө Ысык-Көлдүктөргө майдай эле жакты. Анткени 15 күн айта келгенде аз эле көрүнгөнү менен туристтик сезонду айтпаганда да, оруп-жыйуу жана жайлоодон көчүп түшүү сыяктуу күзгү жумуштардан ата-энелер алагды болбой калат эле.

Баткен облусундагы мектептерде жаңы окуу жылы 1-сентябрда башталганы менен окуучулардын баардыгы толук келишпейт. Ал эми билим алуу сапаттуу болсун десек окуучулар биринчи кезекте сабактарын калтырбашы керек. Бирок шартка байланыштуу мындай көрүнуш жыл сайын эле кайталанат. Андыктан окуу жылынын 15 күнгө кечирээк жылдырылышы, балдардын билим алышына жакшы эле таасирин тийгизмек дешет мугалимдер.

Ысык-Көлгө сезон маалында бир айда 300-400 миңге чукул турист келээри иликтенип чыккан. Ошондо балдарын мектепке даярдаштын камын көрүп августун аяк ченинде жыйналган ата-энелердин 15 күндүн ичинде иштелбей калган кирешеси эле 50 млн сомго жакын экен. Демек билим берүү кечирээк башталса ушунча каражат өзүбүздүн эле жарандардын капчыгына түшмөк деген пикирлер айтылууда.

Адистердин баамында мындай учурда албетте билим деңгээлине көңүл буруу биринчи орунда турушу керек. Ал эми көтөрүлгөн демилге көпчүлүктүн колдоосун табабы же жокбу, аны убакыт көргөзөт.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118