Жаңылыктар
Алмазбек Атамбаев расмий сапар менен Грузияга барды
Кыргызстан жаңылыктары
Алмазбек Атамбаев расмий сапар менен Грузияга барды

Кечээ, Президент Алмазбек Атамбаев расмий сапар менен Грузияга барды. Анда Өлкө башчы Грузиянын Президенти Георгий Маргвелашвили менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүү, соода-экономикалык, инвестициялык жана гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуу маселеси талкууланат.

Расмий сапардын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюулары болжолдонууда. 

Андан ары 13-14-октябрда Алмазбек Атамбаев жумуш сапары менен Арменияга барып, жамааттык коопсуздук келишим уюмунун кезектеги жыйынына катышат. Расмий визиттин жыйынтыктары боюнча эки тараптуу документтерге кол коюу каралган. Эки өлкө президенттери биргелешкен пресс-конференция беришет.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118