Жаңылыктар
Инвесторлорду тартууда өлкөдө жагымдуу инвестициялык климат түзүү зарыл
Экономика
Инвесторлорду тартууда өлкөдө жагымдуу инвестициялык климат түзүү зарыл

Кыргызстанга чет элдик инвесторлорду тартууда өлкөдөгү коррупция жана мамлекеттик органдардагы ачыктуулуктун жоктугу кедерги болууда. Бул тууралуу Эл аралык каржы уюмунун өлкөдөгү “Инвестициялык климатка” жүргүзүлгөн изилдөөсүнүн жыйынтыгында белгилүү болгон. Сурамжылоодо белгилүү болгондой, бөтөм мамлекеттин ишкерлери Кыргызстанда өз укуктарын сактай албай калаарын айтып, коррупцияны жана мамлекеттик мекемелерде ачык-айрымдуулуктун жоктугу кооптуулук жаратат деп жооп беришкен. Өз кезегинде өкмөт өлкөдө инвестициялык климатты жакшыртуунун аракетин көрүп жатканын айтат.

Эл аралык каржы уюму жүргүзгөн изилдөөдө чет элдик инвесторлорго эмнеге Кыргызстанды тандадынар? Өлкөдө кайсыл тармакта, кандай кыйынчылыктарга туш болдунар? деген суроолор берилген. Долбоордун жетекчиси Сергей Осаволюктун айтымында, бөтөн мамлекеттин ишкерлеринин 80 пайызы паракорчулукту, 79%  мамлекеттик органдардагы ачыктуулуктун жоктугун жана 62% инвесторлор коопсуздук маселесин көрсөткөн. Ошондой эле чет элдик ишкерлер өлкөдө өз укуктарын толук сактай албай калуусу мүмкүн экендигин айтып, жана сот органдарына ишенбөөчүлүктөрүн билдирген.

-Изилдөөдө белигилүү болгондой, 80 пайызга  жакынын өлкөдөгү паракорчулукту көрсөтүшүтү. Андан сырткары алардын  даттанууларында, мыйзамдарын тез өзгөрүп кетүүсү, мамлекеттик мекемлерден көп  учурда жардам эмес, бир катар тоскоолдуктарды учуратып жатканы жана соттук  териштирүүлөрдөгү кыйынчылыктарды негизги тоскоолдуктар катары көрсөтүшкөн.

Ошондой эле, изидөөнүн катышуучулары Кыргызстандын ички рыногу, экономикалык абалы жана мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат алууда кыйынчылык туулуп жаткандыгын жана ишкананы каттоодо жана кайра жабуудагы айрым процесстердин узактыгы кедерги болуп жаткандыгы белгилешти деп кошумчалады Сергей Осаволюк.

-Ишкананы каттоодо жана кайра жабууда  талаштуу маселер сот органдарына барып калуусунан коркушат. Андай учурда чет  элдик жарандар соттон ута албай калаарын айтышат. Ошондой эле ишкананын оңой  жабылуусу кайра, жаңы ишкерликти баштоонун өбөлгөсү боло алат.  

Өз кезегинде Экономика министрлиги өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуунун аракетин көрүп, экономиканын көтөрүүдөгү негизги багыттардын бири катары маани берип жатат. Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттик да ачылган. Кыргызстана 21 өлкө менен кош салык салуу коркунучунан коргоо боюнча эл аралык макулдашууга жана дүйнө жүзүнүн 27 өлкөсү менен чет өлкөлүк инвестицияларды коргоо жана колдоо тууралуу макулдашууларга кол койгон. Ошондой эле министрликтин сайтында бөтөн элдин ишкерлери үчүн ички рынок, салык режими, лицензия алуу, бажы төлөмдөрү сыяктуу бир катар маалыматтар жазылган дейт, Экономика министрлигинин инвестиция тартуу бөлүмүнүн башчысы Алымбек Орозбеков.

Чет элдик инвесторлор ассоциациясынын башчысы Искендер Шаршеевдин айтымында, виза режими көп учурда чет элдик жарандарга көйгөй жаратып, инвесторлордун үй-бүлөсү виза ала албай калган учурлар да болууда.

Бөтөн мамлекеттен келген инвесторлорго эң башкысы мамлекет коопсуздук маселен чечип берүүсү зарыл. Мындай пикирин бизнес-эксперт Улук Кыдырбаев билдирди. Көп учурда аймактардын жашоочулары инвесторлорду кайрымдуулук кылган жарандар катары кабыл алгандары бар. Ошондой эле инвестициялык климатты түзүүдө элдин түшүнүгү да төмөн болуп жатат.

Чет элдик инвесторлор эмне үчүн Кыргызстанды таiташ керек деген суроого экономистер 45 мамлекетке визасыз режим, арзан жана квалификациялуу жумушчу күчү, Эркин экономикалык аймактар жана Борбор Азиядагы соода оазиси сыяктуу бир катар жакшы мүмкүнчүлүктөрдү мисал катары келтиришет. Ошондой эле Президент Алмазбек Атамбаев инвестицияларды тартуу экономиканын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүү үчүн зарыл шарттардын бири экендигин белгилеп. Өлкөдө жагымдуу инвестициялык климат түзүү зарылчылыгын белгилеп келет.