Жаңылыктар
Чүй облусунун тоолорундагы ак илбирстер
Кыргызстан жаңылыктары
Чүй облусунун тоолорундагы ак илбирстер

Чүй облусунун тоолорунда орнотулган фотокапкандар ак илбирстерди тартып алган. Фотокапкандар мындан эки жыл мурда Шамшы капчыгайына коюлган. 

Ак илбирстерди коргоо фондунун адистери билдиргендей, жапайы жаныбарлар сүрөткө мындан бир нече ай мурда тартылып калган. Сары-Өзөндүн бул аймагы мамлекеттин коргоосуна алынды. 

Буга чейин жергиликтүү эл бул тоолордо ак илбирс бар экендигин издеринен гана байкап, өз көзү менен көрүшкөн эмес. Шамшы капчыгайында илбирстердин көбөйүшүнө шарт түзүүнү жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу департаменти жана эл аралык уюмдар колго алууда. 

Кыргызстанда Кызыл китепке киргизилген бул жаныбарлардын так саны белгисиз.



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118