Жаңылыктар
Бернхардт карьерасын каякта улантат?
Спорт
Бернхардт карьерасын каякта улантат?

Футбол боюнча Кыргызстан курама командасынын мурдагы жарым коргоочусу Эдгар Бернхардт карьерасын Таиланд чемпионатында улантат.

36 жаштагы футболчу Таиланд чемпионатынын 2-лигасында ойногон «Удон Тани» клубуна кошулду. 14-январь күнү 19-турда «Районг» командасына каршы беттеште дебют жасады.

Бернхардт буга чейин Таиландда ойногон. 2019-жылы «Кедах» клубунун курамында 7 беттешке катышкан.