Жаңылыктар
Басма сөзгө баяндама: Өкүл ата коюу бизнеске айландыбы?
Кыргызстан жаңылыктары
Басма сөзгө баяндама: Өкүл ата коюу бизнеске айландыбы?

Бүгүн  жарык көргөн Политклиника “Кечирип кой” же Атамбаев менен Текебаев элдештиби? деген теманын алдында жарык көрдү. Бул суроого өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлыкты тапшырып жаткан учурда кечирип кой деген сөздүн маанисин түшүндүрүп, кыргыз эли бирин-бири чукубай, кечиримдүү болгонун, бирөөбүз бирөөбүздү чукубайлы, өзгөчө кыргыздар деп  айткан сөзү интернеттеги социалдык түйүндөрдө талкууланып, ал түгүл журналисттер Өмүрбек Текебаевден комментарий сурап ийишкенин,саясий-эмоционалдык чыңалууну токтотсо болоорун айткан ал  саясатчынын пикиринен кийин  эки тарап элдешүүгө караманча каршы деле эместиги көрүнүп турат деп божомолдогон Политклиника экөөнүн ортосуна түшө турган данакер адам  болсо деген тилегин жашырбайт. 

Бүгүнкү сандан “Жер Дастанга” тиешелүү экенин Алмаз Шаршеновичке айтпаганым үчүн өзүмдү күнөөлөп жатам деген аталышта Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун маегин, коргоо министринин айдоочусу “караларга” автомат сатканбы? деген темадагы макалаларды окуй аласыздар.  

Өкүл ата коюу бизнеске айландыбы деген суроону коюп, бир эмес эки өкүл ата коюп, биринин акылын, экинчисинин кызматын же материалдык жардамын көрүп жүргөн, бардар жана бийликтеги адамдардан өкүл аталуу болсом деп, аларга жакындаганга аракет кылгандарды жолуктуруп жүрөбүз деген Политклиника гезити буга  айрым белгилүүлөрдүн берген пикирлерин тааныштырат. 

Баары менен катышканга убактым жок деген Аскар Салымбеков жаштар акчасына карап өкүл ата тандайт дегенге кошулбасын, депутат Нурбек Алымбеков жаштардын акчага ыктаганы көп эле байкалат дегенин , ырчы Замир Мырза: колунда бар, бийлиги да бар, оомат келип турган инсандарды койгонун көрүп калам дегенин, режиссер, Ырысбек Жабиров: моралдык эле эмес,материалдык жардам да өкүл атанын милдетине кирет деген пикирин  жарыяласа, Азимбек Бекназаров акчалуу киши өкүл балам болдуң эле деп акчасын берип койбойт деген ою ал эми  экс-депутат Жыргалбек Саматов жаштар ыйык милдетти бизнеске айландырбайт болуш керек жакшы тилеги менен бөлүшкөн. 

Андан ары барактап, базардагы радиотүйүндөр жоголгон паспортторду сатып,бизнес кылып жатканын иликтеген журналисттин макаласын окуп алыңыз.  Бул макаланын жазылышына Ош базарында жүрүп капчыгы анын ичинде паспорту, айдоочулук күбөлүгүн жоготуп жиберген  Руслан Бекбаев аттуу жаран жоголгондорун Ош базарындагы радиотүйүндөрдүн биринен тапканын , ал жерде иштеген кыздар паспортту 500 сомго, айдоочулук күбөлүгүн 1000 сомго беребиз дегенин, жаңысын алсам деле ушунча акча алат экемин, милициялар каякты карап отурасыңар, чөнтөкчүлөр менен шериктеш иштешет турбайсынарбы чөнтөгүмдө акчам жок өз документтеримди ала албай кеттим, муну окуган эл өзү жыйынтык чыгарар  деген билдирүүсүн соцтармактарга жайгаштырышы түрткү берген. Макаладан бизге паспортторду көбүнчө селсаяктар алып келишет дегенин, жок жерден акча жасагандан коркобуз деп, жарнамалаганыбыз үчүн гана керектүү сумманы төлөшөт, бизге радиотүйүндөрдүн бири да жоголгон паспорторду өткөрүшпөйт, кайсы паспортторду айтып жатканыңызды билбейм, деп актангандарын, милиция кызматкерлери эч нерсе кылбай коюшту деп базардан милициялардын жанында туруп эле жоготуп алган Бермет Жалгаева алар мага жардам беришпей койду дегенин жазып   жыйынтыгында радиотүйүндөр менен уруулар жана милициялар табакташ иш алып барары анык болду аны өз мисалыбызда аныктадык деген бүтүмү жазылат. Толугуурак таанышып алыңыз.

 Баянбызды  Азия Ньюс менен улайбыз. Бул сандан Туйгун байке туурга конобу дегенди, Эмман Нургазиева өлкө чемпиону болду деген куш кабарды, Жээнбековдордон түбөлүк өйдө турган Иса Өмуркулов деген алакандай макаланы окуй аласыз. Андан ары барактайлы. Күздүн күзгүсүнө салдык деген, эл көзүндөгү аттуу- баштууларды сыдыргыга салып, реалдуу түрдө  талдоо жүргүзүүгө  убакты  мерчеми жакындап калды. Саясаттын күрөө тамырын кармоо менен келечекке кадам таштап, татыктууларды сынактан өткөрө берели. Албетте башка адамдардын ысымдарына дагы кийинки сандарда токтолобуз дейт Азия Ньюс гезити.  

Гезит тандаган аттарды атап кетели. Сокенин жазда отставкага кете турганы ачык байкалды деп өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековду, Туй байкени түндүк-түштүк жана ар улуттун өкүлдөрү колдойт деп Туйгунаалы Абдраимовду, Канат Исаевди акыры хан боло турганын Калыгул олуя айтыптыр деп, Темикени чындап Кремль колдосо, президент болууга жолу ачылат деп Темир Сариевди, Кыргызга күйбөгөн Бабановду эл аралык коомчулук да колдобойт деп, Сегизбаевдин эл башына келиши үчүн бата берген Рысбек аксакал деп, Акматбек Сүйүнбаевдин мураскерине кысым токтобой келет деп Ахматбек Келдибековдун сүрөтүнө азыраак маалымат берип президенттик жарышка тапталган тынчыкмалар деген теманын алдына тизген бүгүнкү Азия Ньюс. Темага улай Экс-премьерлерден эл башчы чыгабы деп Темир Сариевди 134 упай менен, Өмүрбек Бабановго 121 упай берип, Жоомарт Оторбаевге 108 деген упайды  Сооронбай Жээнбековго 79 ал эми Жантөрө Сатыбалдиевге 71 упай менен  рейтин борборду жайгаштырды. 

Көлөмдүү маекти бүгүнкү санга экс-депутат Рустам Маманов курган. Ал Кыргыз тарыхын жазганга 1 миллион доллар каражатымды бөлдүм деген аталышта орун алган. Элдин жонунан кайыш тилүүгө кимдер кызыкдар деген суроого эки адамдын депутат Бакыт Төрөбаев менен транспорт министри Замирбек Айдаровдун сүрөтүн койгон.Мындай атка алар кантип конду көз жүгүртүп таанышып алыңыз.  

Азия Ньюстан дагы бир ойлонто турган макала орун алган Ал филология илимдеринин кандидаты Аскар Медетовдон жазылды. Дилетанттын диссертациясы, же манасчыны медиумга айланткан алхимия деген аталышта орун алган. Макалада  фолкьлордук илимге аралашкан манасчы делген Талантаалы Бакчиевдин илимий иштери  талдоого алынган. 

Жайсаңчылар "Манас" эпосун бурмалап жатканын илимпоз талдоого алып булардын ою бекеринен бир жерден чыгып жаткан жок. Бакчиевдин негизги концепциясы Каныбек Иманалиевдин, Абдыжапаровдун, Токтогазиевдин, Ибраевдин пикирлерине кокустан окшошуп калган жок, алар пикирлеш,  санаалаш эле эмес, алар деген Абдыжапаров өңдүү Хаббардын идеяларын таратып, камчысын чаап, Манасты жамынып, диверсия жасап жаткан топтун өкүлдөрү деп жазат. Автор Бакчиевдин Манас жана саясат деген китебин  фольклордун коомдук жана илимий беделин түшүрүүгө  багытталган манасчылык өнөрдү түп-тамырынан бери бурмалаган, манасчыны арбактан чыгарып, арбакка байлап, медиумга айландырган илимдеги алхимия деген баасын берген Ага бир топ аргументтерди келтирет. Көз жүгүртүп коюңуз..  

Эми Де-Фактодон азык түлүк арзандаса, күйүүчү май кымбаттады, дарыгерлер онкология жана гематология борборлорун кошууга каршы дегенди, шартка жараша министрликтен кеткен Базарбаев , Мадумаров позициясынан кайткан жок , Рысалиев депутат болобу, Талашка түшкөн кресло деген малаыматтар менен бирге жол министри жол танбас чоң машинаны кантип алган дегенди окуп алыңыз.     

Таалайкүл Сыдыкбекова


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118