Айрым ишкерлер, саясатчылар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен мамиледе болуп, аларды каржылап жатканы тууралуу маалымат бар. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев билдирди. Айтымында, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү милициянын көзөмөлүндө. Айрымдарына Оштогу окуянын алдын ала- албаганы үчүн чара көрүлөт.