Жаңылыктар
Кыргызстандык гимнаст кыздар Шымкенттеги эл аралык турнирде 8 алтын медал тагынышты
Спорт
Кыргызстандык гимнаст кыздар Шымкенттеги эл аралык турнирде 8 алтын  медал тагынышты

Кыргызстандык гимнаст кыздар Шымкент шаарында өткөн эл аралык турнирде 8 алтын  медал тагынышты. «Бишкек» балдар хоккей клубу Казакстанда өткөн достук беттештерде жеңишке жетишти. 

Мелдеш 8-9-октябрда Алматыда өтүп, «Акула» менен «Стриж» хоккей командалары менен күч сынашкан.  Анда Бишкектен барган балдар эки хоккей  клубун тең  жеңген. «Бишкек» балдар хоккей командасы жыл башында шаардык мууз тебүү аянтчасынын алдында түзүлгөн. Бул мезгил аралыгында өсүпүрүмдөр Орусия менен Казахстанда өткөн эл аралык мелдештерде бир катар жеңиштерди багындыра алышты.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы ФИФАнын рейтингине ылайык Азия-2019 кубогунун тандоо турниринде ойнойт. Кыргызстан командасы рейтинге ылайык 108-орунда турса, Азия футбол конфедерация командалар ичинде 11 орунду элейт.  Азыркы маалда тандоо туруна 24 команда катышаары белгилүү болду. 

Ал командалар Бириккен Араб Эмираттарында 12 жолдомо үчүн күч сынашат. Кыргызстандык гимнаст кыздар Шымкент шаарында өткөн эл аралык турнирде 8 алтын  медал тагынышты. 

Спорттук мелдеште Кыргызстан, Казахстан жана Өзбекстандан жалпы 200 спортсмен кыздар катышкан. Өлкө намысын коргон  биздин кыздар түрдү даражадагы 18 медалга ээ болгон. Алтын медалдарды Саяна Сарынжиева, Алиса Валяева, Злата Якухина, Арина Арапаева, Хабиба Хамраева, Дарья Исаенко менен  Каныкей Шайдиновалар алышкан. Ал эми дагы бир алтынды командалык топ жеңген.  Андан сырткары 5 күмүш жана 5 коло алып оор келишти. 

Мирбек Сакенов Биринчи Радио


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118