Жаңылыктар
"Айкөл Манас" китебинин жактоочулары
Кыргызстан жаңылыктары
"Айкөл Манас" китебинин жактоочулары

“Айкөл Манас”  китебине   тарыхый поэма катары илимий баа берилиши керек. Мындай  пикирин  аталган китептин окурмандары деп аталган чакан топтун өкүлдөрү билдирүүдө. Ал эми     адабиятчы окумуштуулар    буга  каршы .

Акыркы убакта көпчүлүктүн талкуусуна алынган  "Айкөл Манас"  китебине илимий баа берилип ,  ал  адабияттан оордун табышы керек . Сагымбай, Саякбай айткан Манастан мунун анчалык ажырым жараткан жери жок деген оюн Ысык-Көл облусунун тургуну, өзүн окурман изилдөөчү  деп тааныштырган  Кубанычбек Темирканов билдирди.

Деген менен  Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин кафедра башчысы Курманбек Абакиров  ага   каршы.  Белгилүү окумуштуулардын 50дөн ашык  илимий макалалары 2013-жылы "Улуу  Манас жана анын фальсификаторлору" деген китепке жарыяланган.  Андан кийин да 30-40 макала жазылып илимий баа берилген, ал турсун  сот органдары бул эстремисттик чыгарма деп  тааныган , аны  булар  кабыл албай  жатышат дейт Курманбек Абакиров.

Китептин дагы бир жактоочусу  Жолдошбек Касымалиев , Жайсандын вариантындагы бул чыгармадан  өзүнө  издеген тарыхый  маалыматтарды тапкандыгын айтат.  Анын баамында,  китеп адабий нормада ыр түрүндө жазылган.  

Манас бул улуттук баалуулук болгондуктан, эзелтен эле элибиз  эпосту ооз эки муундан муунга өткөрүп  сакталып келген. Улуу дөөлөттү бурмалоого буга чейин эч качан жол берилбегендигин  Манасчы  Замир Баялинов  белгилейт.

Китептин айланасындагы чуулган көптөн бери тараптардын тирешүүсүнө айланып коомчулукта талкууланып келет.    Буга чейин,  2016-жылы 15-июлда  Жумгал райондук  соту Жайсаңдын вариантындагы "Айкөл Манас"  китебин   экстремисттик чыгарма деген чечим  чыгарган.Өткөң жумада "“Улуу “Манас” эпосунун бүгүнкү  тагдыры”",- деп аталган республикалык илимий-практикалык конференция өтүп, анда окумуштуулар жана адабиятчылар  Манасты бурмалаган бул  чыгарма  улуттун рухуна балта чабаарын айтышкан. 


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118