Жаңылыктар
Кара-Сууда жүргүнчү акча майдалатканы түшкөн таксисттин унаасын айдай качкан
Кылмыш
Кара-Сууда жүргүнчү акча майдалатканы түшкөн таксисттин унаасын айдай качкан

Кара-Сууда жүргүнчү акча майдалатканы түшкөн таксисттин унаасын айдай качкан. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 13-январда райондук милицияга Савай айылынын 26 жаштагы А. уулу Б. аттуу тургуну кайрылып, ал Кара-Суу шаарында Hyundai Avante үлгүсүндөгү унаасын бейтааныш жаран айдап кеткендигин билдирген.

Тергөөнүн жүрүшүндө унаа ээси такси кызматында иштеп, ошол күнү акча майдалатуу үчүн унааны өчүрбөстөн дүкөнгө кирип кеткендиги, ал маалда таксинин жүргүнчүсү унааны айдап качкандыгы аныкталган.

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренесинин (“Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу”) негизинде кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 30 жаштагы Т.у.И. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Шектүү мурда тоноо беренеси менен соттолгон.

Учурда тергөө иштери уланууда.