Жаңылыктар
The Best FIFA Football Awards сыйлыгына добуш берүү башталды
Спорт
The Best FIFA Football Awards сыйлыгына добуш берүү башталды

12-январда ФИФАнын 2022-жылдагы The Best FIFA Football Awards сыйлыктарына добуш берүү башталды.

3-февралга чейин созула турган добуш берүүгө улуттук курама командалардын башкы машыктыруучулары менен капитандары, журналисттер жана күйөрмандар катышууда.

Сыйлыктарды тапшыруу аземи 27-февралда болот.

Добуш берүүгө Кыргызстандан улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин, капитаны Валерий Кичин жана Sport АКИpress агенттигинин журналисти Бакыт Шүкүралиев катышат.

Шайлоочулар мырзалар жана кыз-келиндер арасында мыкты оюнчуну, мыкты машыктыруучуну, мыкты дарбазачыны жана ошондой мыкты голду аныкташат.

Мыкты оюнчу наамына 14 футболчу талапкер болууда.


Белгилей кетсек, Кыргызстан курамасынын капитаны Валерий Кичин алдыңкы 3 мыкты футболчулар деп Килиан Мбаппе («ПСЖ», Франция), Лука Модрич («Реал», Хорватия) жана Лионель Мессини («ПСЖ», Аргентина) тандады.

Кичин мыкты голду Бразилия улуттук курама командасынын футболчусу Ришарлисон киргизди деп эсептейт (Бразилия – Сербия 2:0).

«Мен үчүн бул даңазалуу гол!»,-дейт футболчу өз билдирүүсүндө.