Жаңылыктар
Нарында өнүгүүнүн бир жылдык пилоттук долбоору иштей баштады
Аймак
Нарында өнүгүүнүн бир жылдык пилоттук долбоору иштей баштады

Президенттин Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешовдун демилгеси менен үстүбүздөгү жылдын 1-январынан баштап Нарын облусунда өнүгүүнүн бир жылдык пилоттук долбоору ишке аша баштады.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, пилоттук долбоор КР министрлер кабинетинин президенттин облустардагы өкүлчүлүктөрүн өркүндөтүү жана Нарын облусунун аймагындагы ирригация жана ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын жакшыртуу, ошондой эле жайыттарды башкарууну комплекстүү уюштуруу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө токтомдорунун негизинде ишке ашырылууда.

Пилоттук долбоорду ишке ашыруу менен жергиликтүү бюджетке каражат түшүрүп, аны менен айыл аймактарынын жол, суу, көпүрө жана башка чарбалык, инфраструктуралык маселелерин чечүү, айыл өкмөттөрүн дотациядан чыгаруу милдети турат.

"Бул жумуштарды ишке ашыруу үчүн КР министрлер кабинетинин тескемесине ылайык, ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын башкаруу тутумунда реформалык өзгөрүүлөр болуп, 4 башкармалык түзүлдү. Алар: Контролдоо жана инспектордук иштер; Чечимдерди даярдоо, экспертизалоо жана аткаруу; Укуктук, документтик камсыздоо жана коомчулук менен байланыш; Реформалар, санариптик өнүктүрүү жана креативдүү экономика башкармалыктары", - деп айтылат маалыматта.