16-январь күнү Бишкек шаарында мырзалар жана кыз-келиндер арасында волейбол боюнча Кыргызстан чемпионатынын жаңы сезону башталды.
Чемпионаттын биринчи турунун беттештери 16-22-январь аралыгында Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда болду.
Жаңы сезондо мырзалар арасында чемпионат 2 лигага бөлүнөт – Улуттук (8 команда) жана Жогорку (8). Ал эми кыз-келиндер арасында турнирде 7 команда күч сынайт.
Улуттук лига
Катышуучулар:
«Отор», «Университет ОшМУ», «Кадамжай», «EREM Бүркүт», «Улар», «Салам-Алик», СКА МО КР, «Тенир-Тоо»
16-январдагы беттештин жыйынтыктары
«EREM Бүркүт» - «Улар» - 0:3
«Кадамжай» - «Салам-Алик» - 3:0
«Университет ОшМУ» - СКА МО КР - 0:3
«Отор» - «Тенир-Тоо» - 3:0
Жогорку лига
Катышуучулар: «Энергетик», ВВ ИИМ, «Билим КГУ», «Жалал-Абад», «Ош», «Аксы», «Чаткал», «Талас»
16-январдагы беттештин жыйынтыктары
ВВ ИИМ - «Чаткал» - 3:0
«Энергетик» - «Талас» - 3:1
«Жалал-Абад» - «Ош» - 1:3
«Билим КГУ» - «Аксы» - 3:1
Кыз-келиндер арасындагы Кыргыз Республикасынын чемпионаты
Катышуучулар: ОшМУ, «Дордой», «Салам-Алик», «Улар», «Ала-Тоо ИИМ», «Ысык-Көл», «Нарын»
16-январдагы беттештин жыйынтыктары
«Салам-Алик» - «Ала-Тоо МВД» - 3:0
«Дордой» - «Ыссык-Кол» - 3:0
ОшМУ - «Нарын» - 3:0